• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Транспорт министрлиги тейлеген жолдордо унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшү камсыздалууда

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. КР Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшү камсыздалууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 18-апрелине карата Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автожолунун (65-90км) «Чапчыма» ашуусунда, Красная Горка-Акташ автожолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Министрлик автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын билдирди.

Жолчулар ведомство тейлеген жолдордун барында таштандыларды тазалашууда.

Учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу адистер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жумушчу орундарында дезинфекция жасалып, адистердин бардыгы коргоочу медициналык жабдыктар менен камсыздалышкан.

Пикир

Оставить комментарий