• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу жолдо жүрүүдө сак болууну эскертет

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/.13-17-февралга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн туруксуз аба ырайына байланыштуу автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, жааган кардан улам айдоочуларга жолдо жүрүү кыйынчылык жаратат. Ага байланыштуу КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр алып жүрүү керек экендигин эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунда Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда министрликтин жолчуларынын күчү менен жолдорго 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, тоңголокторду алдын алуу максатында даярдалган кум чачылды.

Ошондой эле, учурда бардык көзөмөл өткөрүү пунктарында ЖККББ кызматкерлери автоунаалардын кышкы дөнгөлөктөрүн жана чынжырлардын бар экендигин текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий