• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги: Жүргүнчүлөрдү ташыган бардык коомдук транспорттор дезинфекцияланууда

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташыган бардык коомдук транспорттор дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курч мүнөздөгү вирустук инфекцияларды (КМВИ) жана коронавирусту алдын алуу чараларынын алкагында Транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрүндө КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрликке караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлери тарабынан жүк ташуучу унаалдын айдоочуларынын арасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана коронавирусту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Кыргызавтобекети» мамлекеттик ишканасына караштуу автобекеттер менен автостанциялар штаттык режимде иш алып барууда. Ал жакта жоопкерчиликтүү жумушчулар нөөмөттө болушуп күтүү залдарын, жалпы тамактануу жайларында дезинфекция жүргүзүп, өздүк гигиена боюнча жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.Ошондой эле линияга чыга турган унаалардын бардыгы дезинфекцияланууда.

Мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун дарыгерлери күн сайын муниципалдык жана ишканаларга тийиштүү жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшеришүүдө.

Линияга чыгар алдында айдоочу наркологиялык пункта дене табы текшерилип, унаадагы медициналык аптечкасы жана автотранспорттун санитардык-техникалык абалы текшерилип, атайын журналга белгиленүүдө. Бардык автотранспортторго «Курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана коронавирусту алдын алуу» боюнча билдирмелери бар баракчалар таратылган.

Торугарт, Эркечтам, Кызыл-Бел өткөрүү пунктарында жүргүнчүлөр жок. Достук өткөрүү пунктуна жакын жерде 3 автотранспорт бар, анын экөө Кыргызстан тараптыкы, бирөө өзбектердики. Кыргызстандык 16 айдоочу карантинде, алар Достук өткөрүү пунктуна жакын жердеги мейманканага жайгаштырылган, учурда айдоочулар арасында эч кандай инфекция катталган эмес. Кызыл-Бел көзөмөл-өткөрүү пунктунда Ирандан келген унаалар жок.

«Манас» аэропортуна чет өлкөлөрдөн учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табы эки ирет текшерилет. Жаңы алгоритмге ылайык, чет өлкөдөн учуп келгендердин дене табы эки ирет текшерилет, учактан түшө электе жүргүнчүлөр атайын түзүлгөн анкетаны толтурушуп, анда алар өз байланыш номерлерин калтырышат. Экинчиден учакка дарыгерлер көтөрүлүп, дене табын текшерет. Андан соң аэропорттун адистери башкы декларацияны толтурат, анда учакта коронавирус дартын жуктуруп алгандар жок экендиги тууралуу маалымат берилет. Экинчи жолу жүргүнчүлөрдүн дене табы күтүү залында текшерилет. Кимдир бирөөнүн дене табы 38 градустан ашса алгоритмге ылайык, эпидемияга каршы иш-чаралар аткарылат.

Жалпысынан министрликтин ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрү инфекциялык ооруларды алдын алуу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий