• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги жакынкы аралыкта 3 долбоорду ишке ашырууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлиги өнөктөш донорлордун каражаттарын тартуу менен 10 жол куруу долбоорун ишке ашырууда жана жакынкы аралыкта дагы 3 долбоорду ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, ал долбоорлор Кытай экспорттук-импорттук банкы, Азия өнүктүрүү банкы жан Ислам өнүктүрүү банкы жана башка өнөктөштөр аркылуу ишке ашууда.

"Министрликтин пландаштырылган долбоорлору Балбай Баатыр - Каракол участкасынын курулушу, Арал - Суусамыр участкасынын курулушу жана Корумду – Балбай Баатыр участкасынын курулушу. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга терс таасирин тийгизди. Карантиндик чаралардын киргизилиши жана эл аралык чек аралардын жабылышы персоналды, керектүү шаймандарды мобилизациялоону татаалдаштырып, объектилерде кызматкерлердин эркин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратты", - дейт ал.

Ал белгилегендей, пандемия учурунда жумушту кайра калыбына келтирүү максатында Транспорт, Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери тарабынан адистерди жумуш орундарына жеткирүү иштери уюштурулган. 2020-жылдын май айынан бери Кыргызстанга 450гө жакын эл аралык адистер келишкен.

"Айрым долбоорлорду ишке ашырууда, COVID-19 пандемиясынын таасиринин натыйжасында, ишке ашыруу графигинде кечигүү болду - болжол менен 3-4 айга жетет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий