• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги жолдордо оңдоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо курулуш жана оңдоо иштери уланууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолчулар тарабынан жол четтери таштандыдан тазаланып, жол белгилери сырдалып иретке келтирилүүдө.

Министрликтин бөлүмдөрү жана структуралык мекемелери республиканын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарында мүмкүн болушунча аралыктан иштөөгө өтүштү. Ал эми аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон жумушчулар бардык санитардык нормаларды сактоо менен иш алып барууда.

Адистер санитардык нормалар тууралуу инструктаж өткөрүшүүдө.

Бардык кызматтарда кезмет уюштурулуп, министрликтин жергиликтүү бөлүм башчылары, атуулдук коргоо штабы, комендант менен иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий