• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлигине жаңы техника сатып алып, жол боюн тартипке келтирүү тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бардык жол эксплуатациялоочу мекемелерин жаңы техникалар менен камсыздоо тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, техника иштей турган аймактын өзгөчөлүгүнө жараша алынышы керек.

“Ар бир жол эксплуатациялоочу мекемеге оор техникаларды сатып алышыңар керек. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде алууну дагы карап көргүлө. Анткени техника сөзсүз керек”, - деди Жапаров.

Мнистрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле жол боюндагы башаламан соода объектилерин, уруксатсыз орнотулган павильондорду, таштандыларды тазалоону тапшырды.

“Жол боюндагы бак-дарактарды кыйып, көрктү бузуп жатасыңар. Кыйылгандардын ордуна кайсы бак-дарактарды отургузуу керектиги боюнча сунуштарды бергениңер оң. Таштандылар биринин артынан бири ташталып жатып жолдордо үйүлүп калууда. Мындай болбошу керек. Ушул жылдын биринчи кварталынын ичинде бул көйгөйлөрдүн бардыгын жоюу керек. Биринчи кезекте республикалык маанидеги жолдордон баштаңыз”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий