• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транспорт министрлигинен эл аралык маанидеги жолдордогу курулуш иштери тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев эл аралык маанидеги жолдордогу курулуш иштери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, пандемия учурунда да эл аралык маанидеги жолдордун коридорлорунда реконструкцилоо иштери токтогон жок.

"Бишкек-Ош" жолунун "Бишкек - Кара-Балта" тилкесинин 15-61 чакырымында иштер жүрүп жатат. Ал 45 чакырым жолду быйыл бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул тилкеде иштеп жаткан буйрутма аткаруучу компаниянын жумушчулары чет өлкө жарандары болгондуктан алар карантин убагында келе албай калды. Азыр толук келишип, курулуш иштери жүрүп жатат. "Бишкек-Ош" жолунун "Маданият-Жалал-Абад" жолунда быйыл 30 чакырымга асфальт төшөө пландаштырылган. Ошондой эле эл аралык коридор - "Ош-Баткен-Исфана" жолунун 75-108-чакырымдарында курулуш иштери жүрүүдө. "Ош-Баткен-Исфана" жолунун 28-75-чакырымы боюнча долбоорлоо иштери бүтүп калды. Мамлекеттик экспертиза аяктагандин кийин тендердик жумуштар жүргүзүлүп, келерки жылы курулуш иштери башталат. "Түндүк-Түштүк" альтернативалык жолунун "Кочкор-Эпкин", "Эпкин-Дыйкан" тилкелеринде топографиялык иштер жүрүп жатат. "Түп-Кеген" жолунда Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат. Консультациялык компанияны тандап алуу боюнча тендердик иштер жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Бердалиев билдиргендей, "Талас-Тараз-Суусамыр" жолунун 3-фазасы боюнча 75-105-чакырымда реконструкциялоо иштери 97%га аткарылып бүткөрүлгөн.

"Калган 3%ын быйыл бүткөрүү пландалууда. "Түндүк-Түштүк" альтернативалык жолунун 159-180-чакырымында топографиялык жумуштар жүрүп жатат. Жакында курулуш иштери башталат. Ал тилкеде курулуш иштерин 2023-жылы аяктоо пландалууда. "Балыкчы-Каракол-Балыкчы" жолунунун 104-184-чакырымында реконструкция иштери пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 128 млн доллар. Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен 35 млн долларга келишим кол коюлду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий