• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транспорт министрлигинин алдындагы чуңкур жамалды — видео

Коом 0


Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жолдо пайда болгон чуңкур жолчулар тарабынан жамалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бир катар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдындагы кыш мезгилинде пайда болгон аң-чөнөктүн видеосу тараган.

“Исанов көчөсүндө жайгашкан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдында аң-чөнөк пайда болгон тилке Бишкек шаарынын мэриясына таандык. Өлкөбүздөгү жолдордун бир бөлүгү муниципалдык жолдор болуп саналат жана өлкөнүн шаарларынын балансында туруп, аларды шаардык жол кызматтары тейлейт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий