• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт министрлигинин чиновниктери мунайзат ташуучулар нааразычылыкка чыккан “Сосновка” постуна барышты

Коом 0


Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов “Сосновка” өткөрмө-көзөмөл пунктундагы нааразычылык билдирип чыгышкан мунайзат ташуучуларга жолугушууга барды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен мунайзат ташуучулардын нааразычылык иш-чарасына байланыштуу кандай чаралар көрүлөрүн билдиришкен жок. Жетекчилик алардын талаптарын угуп чыгары белгиленди.

Учурда “Сосновка” постунда мунайзат ташуучулардын нааразычылыгы уланууда. Ташуучулар кооптуу жүк ташууга камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыпка каршы чыгышууда. Ташуучулар ассоциациясынын өкүлү Чолпонбек Джамбоев билдиргендей, мөөнөтсүз нааразычылыкка камсыздандыруу шарттарына жана министрликтеги коррупцияга нааразы ташуучулар чыгышкан.

Ташуучулар бир катар талаптарды коюшуп, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев менен жолугушууну күтүп жатышат.

Джамбоев билдиргендей, аларга өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү жана облустук ИИББ жетекчиси келип кеткен. “Кенекеев менен жолугушууну убада кылышкан, бирок жолугушуу боло элек”, - деди ал.

Ошондой эле ал нааразычылык иш-чарасынан улам республиканын түштүгүндө күйүүчү май жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта кооптуу жүк ташуучулар үчүн камсыздандыруу полиси зарыл документтердин тизмесине киргизилип, жоктугу үчүн 500 сом айып салуу киргизилген. Кооптуу жүк ташуучулар үчүн жылдык камсыздандыруу полиси жүктүн көлөмүнө жараша 60 миң сомдон 120 миң сомго чейинди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий