• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Транспорт, турак жай жана үй жанындагы участокко салыкты кантип жана кайдан төлөөгө болот? Жооп

Экономика 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө ыкмалары жөнүндө маалымдайт.

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болот. Булар – бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык,

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыктарды төлөгөнгө чейин учурдагы салык мезгили үчүн турак жай жана транспорт каражаттарына – мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти тапшыруу керек. Аны эки жол менен тапшырууга болот: электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө.

Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүн.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий