• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт, турак жай жана жер салыктарын кантип жана кайдан төлөөгө болот? Салык кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө ыкмалары жөнүндө маалымдайт.

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн ыкмаларын колдонуу менен төлөөгө болот. Булар – бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай салыгы жана жер салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктардын суммасын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептеп алууга болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий