• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жарандарда дагы бир жума убакыт бар

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Транспорт, тура-жай, батир жана жер салыктарын белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн жарандарда бир жума убакыт бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ушуга байланыштуу, МСК транспорт каражаттарынын, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыларын пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий