• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт жана жол министрлиги бюджеттик каржы тартибин бузуу жагынан эч кимди алдына салган жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. 2017-жылда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык субъектилер 11 млрд сомдон ашуу каржы тартибин бузган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Транспорт жана жол министрлиги 257 млн сом көлөмүндөгү каржы тартибинин бузулушуна жол берген. Ал эми экинчи орундагы Бишкек мэриясында 246 млн сом, үчүнчү орундагы Бажы кызматында 108 млн сом өлчөмүндө каржы тартибин бузуу фактысы аныкталды.

Андан тышкары, Эсептөө палатасы тарабынан жыл ичинде 310 айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзүлүп, 84 млн сомдук каржы тартибин бузуу аныкталуу менен, кылмыш иштери козголгон. «Биз 5 млн сомго чейинки айыл өкмөттөрүн анчалык көӊүл бурбай эле, көбүнесе каржы тартибин такай бузуп келаткан Билим берүү жана илим министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги сындуу мекемелерди тыкыр көзөмөлдөп жатабыз», - деп, ал Эсептөө палатасынын аудит жүргүзүү боюнча 5 жылдык жол картасы бар экенин, баардык текшерүүлөр ошого негизделе турганын кошумчалады.

Жогорку Кеӊеште 2017-жыл үчүн Эсептөө палатасынын иши жөнүндө анын төрагасынын отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий