• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коррупциялык чыр: Транспорт министри Калилов кызматтан кетүү боюнча арызын берди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетүү боюнча аразын жазды.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президентке Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

Эске салсак, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен убактылуу четтетип турууну тапшырды.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев пара алып жаткан жеринен кармалганын айтып, президент бул кылмышка тиешелүү адамдардын баарын жоопко тартуу керек экенин белгиледи.

6-декабрда УКМК транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
Маалыматка ылайык, Жусубалиев акчаны Кыргызстанда курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн алган.

Ал фирманын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга баалап, буга чейин ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган.

Пикир

Оставить комментарий