• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт жана жолдор министрлигине унаа жолдорунун туруктуу иштешин камсыз кылуу чараларын көрүү жүктөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Аба-ырайынын начарлашына байланыштуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрилигине коомдук жолдордун туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн толук чараларды көрүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Биринчи кезекте, жолдорду кайра жазоо үчүн зарыл болгон өлчөмдө реагенттерди даярдоо, тамактануу жана түнөө үчүн убактылуу конуштарды орнотуу, транспортторду оңдоого жана тоолу тилкелерде элди эвакуация кылууга жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурларда техникаларды мобилдештирүү ишин жүргүзүү боюнча сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий