• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транзиттик учуу менен жүргөн КР жарандарынын Россияга кирүү себеби болуш керек – министрлик

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Транзиттик учуу менен жүргөн Кыргызстандын жарандары Россияга кирүүсү үчүн себеби болуш керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“РФ өкмөтүнүн 2020-жылы 16-марттагы №635 “Россияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун кирүүсүн убактылуу чектоо жана визаны жана чакырууларды берүүнү убактылуу токтото туруу тууралуу” буйругуна байланыштуу чет өлкөлүк жана жарандыгы жок жактардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн РФга кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Кыргызстандын жарандарынаРоссияга кирүүгө РФ өкмөтүнүн 2020-жылы 16-марттагы №635 буйругунун экинчи тиркемесине ылайык себеп болгон учурда гана уруксат берилет”,-деп айтылат Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгиленгендей, башка өлкөлөр аркылуу РФга учуп бара турган КР жарандары Россияга кирүү үчүн себеби болушу керек.

Киргизилген чектөөлөгө ылайык, чет элдик авиакомпаниялар РФга кирүүгө себеби жок КР жарандарын учактын бортуна киргизүүгө укугу жок.

“КР жарандарынын Кыргызстанга негизсизкирүүсү жумасына 3 жолу учкан РФнын авиакомпаниясы жана Бишкек – Москва маршруту боюнча жумасына 3 жолу учкан “Авиа Трафик Компани” авиакомпаниясы тарабынан аткарылган туруктуу каттамдар менен гана уруксат берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий