• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Trend": Ашхабадда Борбор Азия экологиялык форуму өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

"Trend": Ашхабадда 2017-жылдын 5-8-июнунда айлана чөйрөнү коргоого жана суу колдонуу нормативдерине арналган иш чаралар өтөт. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык жана эл аралык уюмдарынын, министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышышат. Бул тууралуу ишембиде “Нейтралдык Түркмөнстан” гезити жазды.

Анын ичинде, эл аралык экологиялык форум жана конференция, ошондой эле, Аралды сактап калуу Эл аралык фондун туруктуу өнүктүрүү боюнча Эл аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү пландаштырылган.

Мындан тышкары, Борбор Азия аймактык экологиялык борборунун башчыларынын кеңеши жана БА мамлекеттеринин суу чарба адистеринин аймактык жумушчу комиссиясынын кезектеги жолугушуусу өтөт.

Иш чарага даярдык көрүү өкмөттүк кеңешмеде талкууланган. Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов айлана чөйрөнү коргоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүүсү, инновациялык технологияларды киргизүү маселелеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

АСЭФ 90-жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. Уюм Аралды сактап калуу жана анын аймагындагы экологияны жакшыртууга багытталган.

Арал маселеси Түркмөнстандын түндүгүнө таасирин берди. Дашогуз облусунда экологиялык катастрофалардын таасирине кабылып, таза ичүүчү суу көйгөйү жаралды.

Түркмөнстан бул уюмда 2017-2019-жылдары төрагалык кылат.

"Trend"
Гусейн Гасанов
27.05.17

Пикир

Оставить комментарий