• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Триатлончулар Түркияда эл аралык мелдешке катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Спорт 0

Бишкек, 17.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Түркияда триатлон боюнча эл аралык мелдешке катышып, жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу КР триатлон федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан 12 спортчу катышкан. Спортчулар 1,9 чакырым сүзүп өтүшүп, 90 чакырым велосипед менен жүрүшүп, 21 чакырым чуркап өтүшкөн.

Ысымдары жана жыйынтык:

Канат Койчиев - 4:53:03,

Антон Крамаренко - 4:56:17,

Арстарбек Мэлсов - 5:12:38,

Канат Келсинбеков - 5:20:53,

Рамазан Каяев - 5:23:15,

Денис Лыжин - 5:30:42,

Эмил Акматалиев - 5:47:16,

Денис Спиридонов - 6:26:08,

Самат Будайчиев - 6:33:37,

Сайна Оторбаева - 6:44:51,

Бегимай Алыбаева - 6:45:21,

Төлөгөн Нанаев - 7:32:28.

Пикир

Оставить комментарий