• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте троллейбус айдоочулары медициналык биринчи жардам комплекти менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Бишкекте троллейбус айдоочулары медициналык биринчи жардам комплекти менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи жардам комплектинде эң керектүү дары-дармектер бар: аммиак (нашатырь спирти), зеленка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле айдоочулар күн сайын кезмет алмаштыруу алдында медициналык кароодон өтөт. Алардан спирт ичимдиктерин текшерип, кан басымы өлчөнөт.

"Эгерде нормадан четтөө байкалса же айдоочулар оорунун белгилерин байкаса, сөзсүз түрдө каттамдан чыгарылат. Медайымдар таңкы саат 05:00дөн баштап нөөмөт менен иштешет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий