• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек маянасы 40%га көбөйтүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек маянасы 40%га көбөйтүлөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, маяна көтөрүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

“Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Эскерте кетсек, маяна маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин өткөн жылдын аягындагы жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий