• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Троллейбуста өрттүн чыгышына реостаттагы чукул туташуу себеп болгон - мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.10.17. /Кабар/. Троллейбуста өрттүн чыгышына реостаттагы чукул туташуу себеп болгон, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 17-октябрда 09:30да Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбуста өрт чыккан.

Өрттүн чыгышына 1501 борттук номерлүү №17 каттамдагы троллейбустун (16 жылдан бери иштеген) реостатынын чукул туташуусу себеп болгон. Буга чейин троллейбус белгиленген тартипте техникалык кароодон өтүп, бузулуулар байкалган эмес.

Айдоочу жүргүнчүлөрдү түшүрүп, өз алдынча өчүрүү чараларын көргөн. Диспетчердик кызмат өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, өрт өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Троллейбус депого кошумча текшерүүгө жана тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзүүгө токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий