• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери качан жанданат? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынан тротуарларды оңдоо иштери качан жандана тургандыгын айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аба ырайынын жагымдуу шарттары түзүлүшү менен "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2022-жылы башталган тротуарларды оңдоо иштерине толук түрдө киришет.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдөгү тротуарларды оңдоо иштери башталат:

- Байтик-Баатыр көчөсүндөгү тротуар Л.Толстой көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы);
- Киев көчөсүндөгү тротуар Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин (түндүк тарабы);
- Д.Садырбаев көчөсүндөгү тротуар Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
- Панфилов көчөсүнүн тротуары Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- Абай көчөсүнүн тротуары Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий