• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ТТМКК экономикалык өнүгүү жана атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү керек – Панкратов

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Түрк кеңешинин алкагында кызматташтык маселелерин талкуулады

Жолугушуунун жүрүшүндө Панкратов ТТМККга мүчө мамлекеттердин маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тармагында көп багыттар боюнча жалпы пландары жана максаттары бар экендигин, алардын бир бөлүгү Түрк кеңешинин катчылыгынын күч-аракеттеринен улам ишке ашып жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, аймактык кызматташтык КРнын сырткы саясий жана сырткы экономикалык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Ошондой эле Панкратов 2-сентябрда Түрк кеңешинин 6-саммитинин жүрүшүндө ТТМКга мүчө мамлекеттердин башчылары айткан сунуштар аймактагы өз ара соода жана инвестициялардын түшүүсүнүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрүндө жакынкы келечекте чагылдырыларына үмүт артты.

“Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши мамлекеттер аралык диалогду колдоо боюнча платформа эле эмес, экономикалык кызматташтыктын, интеграциянын, экономикалык өсүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн өнүгүүсү үчүн шарт түзүп берүүсү керек”, - деди Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий