• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТТМКК мүчө-өлкөлөр инвестицияларды тартууда атандаш эмес, өнөктөш болушу керек – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Дүйнөдө инвестицияларды тартууда чоң атандаштык жүрүп жатат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши атандаш эмес, өнөктөш катары мамиле куруу керек экендиги көрүнүп турат. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) экономика министрлеринин 8-жолугушуусунда экономика министри Олег Панкратов айтты.

Анын айтымында, Түрк тилдүү өлкөлөргө өз ара кызыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрды алдыга жылдырууда иш-аракеттерди бириктирүү керек.

"Түрк инвестициялык фондун түзүү чечими инвестициялык кызматташууну күчөтүү үчүн өлкө башчылары тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда эң негизги жыйынтыктардын бири болот. Глобалдуу күн тартиби биздин алдыбызда бир гана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү эмес, жаңы чакырыктарды да ачып жаткандыгын көрүп жатабыз. Дүйнөлүк рыноктогу атаандаштык өлкөлөр ортосунда түзүлгөн байланышты өзгөртүп жаткандыгын көрүп турабыз. Бүгүн биздин көп жактуу кызматташтыкты кеңейтип жана ТТМККны жаңы эл аралык интеграциялык бирикменин деңгээлине чыгарууга тарыхый мүмкүнчүлүгүбүз бар", - дейди Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий