• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандагы ТТМКнын мамлекет башчыларынын саммити эң жогорку деңгээлде өттү – Умаров

Коом 0

Ысык-Көл, 06.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйыны эң жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу “Кабарга” “Казинформ” Эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков саммити жогорку деңгээлде өткөрдү.

“Кыргыз Республикасы саммити жакшы өткөрдү, биз Кыргызстанда жакшы темп менен өнүгүп келе жаткан процесстер менен биздин окурмандарды тааныштыруу максатында абдан көп материалдарды даярдадык”, - деп билдирди Умаров.

Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бир тууган Кыргызстанга өзгөчө көңүл бура тургандыгын кошумчалады. “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бир тууган Кыргызстанга абдан жылуу мамиле кылат жана анын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси жакшы деңгээлде орноду”, - деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле Казакстанда Кыргызстан менен болгон байланышка өзгөчө маани берише тургандыгын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө биздин дүйнөнүн 140 өлкөсүндө өз көрсөтүүлөрүн көрсөткөн “Казак ТВ” телеканалыбыз атайын өзүнчө кыргыз тилиндеги берүүлөр үчүн линейка ачты. Биздин Бишкекте атайын кабарчыларыбыз да бар. Биз Кыргызстанды Борбордук-Азия чөлкөмүндөгү ордо чоң өлкө деп эсептейбиз, ошондуктан да көптөгөн ЖМКлар бул жакта атайын өздөрүнүн кабарчылары болушун маанилүү деп эсептешет”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады Умаров.

Пикир

Оставить комментарий