• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий