• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин пайдаланууга кайрадан сынак жарыяланат

Өкмөт 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнү кайрадан жарыялайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо” жана Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана Шарттарына ылайык өткөрүлөт.

Конкурстук комиссия тарабынан конкурстук обьектинин жер казынасын пайдалануу укугуна төлөм 2498760000 сом өлчөмүндө белгиленген

Конкурска катышууга талаптардын бири болуп геологиялык маалыматтын кыскача пакетине 2417215 сом өлчөмүндө төлөө эсептелинет.

Кызыкдар жактар конкурска катышууга талаптардан, ошондой эле Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн Шарттары жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныкттоонун критерийлеринде камтылган маалыматтардан толук тааныша алышат.

Конкурска катышуу маселелери боюнча кеңеш үчүн (+996 312) 300-479, (+996 777) 791101 телефондор боюнча кайрылууну өтүнөбүз.

Конкурска катышууну каалагандар 2017-жылдын 14-сентябрь куну саат 15:00 кечиктирбестен конкурска катышуу документтерин тапшыруулары керек. Документтер Кыргыз Республикасынын Онор жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети төмөндөгү дарекке: Бишкек ш, Эркиндик п, 2, кабинеттер №208 тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий