• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Тулпар" төлөм картасын кайсы жерден акысыз алса болот? — мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынан "Тулпар" төлөм картасын кайсы жерден акысыз алса болорун айтып беришти.

Мэриянын маалыматында, толук электрондук билеттерге өткөнгө чейин коомдук унааларда төлөм картасы менен бирге накталай акча колдонулат.

"Тулпар" төлөм картасын төмөнкү жерлерден акысыз алууга болот:

  • "Beeline Кыргызстан" тейлөө түйүндөрү;
  • "Beta stores 2" соода түйүнү;
  • "VEFA Center" соода түйүнү;
  • "Айчүрөк" соода борбору;
  • "Чынар" соода борбору;
  • "Bishkek Park" соода борбору;
  • Чүй проспектиси 155 жана 92;
  • Орто-Сай базары;
  • Ибраимов 115/1 көчөсүндөгү "ORDA" турак жай комплекси;
  • "Бублик" кофейнясынан.

Эске сала кетсек, мектеп окуучуларына "Тулпар" төлөм картасын мектеп администрациясы берет.

Пикир

Оставить комментарий