• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туман тарап, “Манас” аэропорту штаттык режимде иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Туман тарап, "Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аэропорттун аймагында аба ырайы ачык. Буга чейинки кармалган авиакаттамдар аткарыла баштады.

"Учурда “Урал аба жолдорунун” Бишкек-Москва багытындагы бир гана каттамы саат 23:00гө жылдырылды. Ташкенттен жана Оштон келе жаткан каттамдар Бишкекке келип, кайра жакынкы убакытта жөнөтүлөт", - деп айтылат аэропорттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Каттардар тууралуу толук маалыматты төмөнкү телефондорго чалып билсе болот: “Манас” аэропорту - 0 312 693109 жана “Ош” аэропорту - 0 3222 90101.

Пикир

Оставить комментарий