• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Тумар” бийчилер тобу Алматадагы таланттар шоусуна катышат

Маданият 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Таланттуу бийчилерден турган “Тумар” тобу Казакстандын таланттар шоу программасына катышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыровдун айтымында, 13-июлда өзүнүн окуучулары менен Алматага мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөрүлө турган талантар шоу программасына катышууга жөнөйт. “Бул негизи Казактардын улуттук программасы, бирок коңшулар биздин аткарган номерлерибизди көрүп бизди катышууга чакырышты. Ал жакта Чехияда алып чыккан бийибизди тартуулаган жатабыз”,- дейт Кадыров. Ошондой эле, Э. Кадыров “Тумар” бий тобунун негизделгенине 5 жыл болгонун айтты.

"Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди кадимки адамдардын жашоо образына алып келүү канчалык маанилүү экенине күбө болуп келем. Азыр Ысык-Көлдөгү Даун синдрому жана башка оорууга чалдыккан 30 бала жаткан инклюзивдик лагерде жол баштоочу болуп иштеп жатам. Ал жактагы балдар кадимки адамдай эс алып, ар кандай таймаштарга катышып жайдын, күндүн ысыгына кубанып эс алып жүрүшөт”,-деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий