• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тунгучта жаңы чакан сейил бак салынат

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. "Тунгуч" кичи районунда жаңы чакан сейил бак салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, ал эс алуу багы "Тунгуч" кичи районунда Анкара (мурдагы Горький) көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдын ордуна салынат.

Ал жерге гүлдөр эгилип, отурганга орундуктар орнотулат.

Ошондой эле унаа токтотуучу жайдын жанындагы жер тилкеге балдар ойной турган аянтча куруу сунушу айтылган. Учурда ал маселени карап чыгуу тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий