• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турак үй, мончо, сарай. Кыргызстанда дем алыш күнү 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Сала-Алик конушундагы Манас көчөсүндө жалпы аянты болжол менен 464 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн чатыры, 2-кабатта алты бөлмө, 1-кабатта үч бөлмө жана бир кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.

Чүйдүн Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан “Жаштык” кинотеатрынын кампасындагы таштанды күйгөн. Ал эми Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө шифер менен жабылган мончонун 30 чарчы метр чатыры күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Комсомолский көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 48 чарчы метр сарай жана бир тонна чөп толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий