• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турак үйүн камсыздандырууда Ош, Талас, Нарын жана Баткен облустарынын тургундары алдыда турат

Коом 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Турак үйүн камсыздандырууда Ош, Талас, Нарын жана Баткен облустарындагы айыл тургундары алдыда турат. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын төрагасы Жумагүл Эгембердиева “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын отурумунда маалымдады.

Анын айтымында, айыл жергесиндеги камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык наркы 600 сомду түзүп, камсыздандыруу 18 тобокелчилик боюнча аткарылат. Турак үйлөрүн камсыздандырып жаткандардын көбү - айыл тургундары, айрыкча Ош, Талас, Нарын жана Баткен облустарынын жашоочулары болууда. Камсыздандырылгандардын 78 пайызы айыл аймагындагылар болсо, 22 пайызын шаардагылар түзөт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдиргендей, жыл сайын курулуш жана камсыздандыруучу компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда отурум өткөрүлүп, курулуш бизнеси жана турак үйлөрдү камсыздандыруу тармагындагы маселелер талкууланат. З.Аскаров өлкө боюнча 1 млн. 157 миң турак жай бар экенин жана анын 15 пайызга жакыны камсыздандырылганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий