• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Турак үйлөрдү жана эки көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Базар-Коргондогу селдин кесепеттери

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 16-июлда жаап өткөн катуу жаандан улам Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 4 турак үйдүн ичине кирген жана 12 турак үйдүн короолорун каптап, 2 турак үйдүн дубалын бузуп кеткен.

Ошондой эле сел суулары ички чарбалык унаа жолдорго кум шагыл толтурган жана ички чарбалык эки көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Унаалар үчүн айланма жол бар.

Жерине селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө атайын техникалар, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан 100 киши тартылып, сел сууларынын нугун бурушуп, үч турак үйдүн ичин тазалашкан.

Министрликтин кошумчалашкандай, унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий