• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турак жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты - Жапаров

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасап жатып Турак жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыккандыгын билдирди.

Анын айтымында, жаңы программанын максаты - кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак-жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү.

“Анализге ылайык, жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик турак-жай фондун каржылоого 30 миллиард сом тартылат”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчы белгилегендей,өлкө жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий