• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турак жай ээлери, ишканалар. Мэриянын санитардык көзөмөлүнө дагы кимдер катталды?

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү боюнча мыйзам бузгандарды аныктоодо.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук жайларда санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 110-беренесине ылайык, “Түштүк квартал” (№10 кичирайону) турак жайына протокол түзүлүп, 13 миң сом айыппул салынган.

Ошондой эле тазалыктын тартибин камсыз кылбагандыгы үчүн 114-беренеге ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин Тажибаев Т.(Мурманская көч.), Төлөгөнов А.(Бейшеналиева көч.), Ронзина В. , Жаксутова М. (Мыскал жана Жаз көчөлөрүнүн кесилиши), Отделнова Н. (Карасаев көчөсү) тургундар жана “Доминат”, “Васаби” фаст-фуд түйүнү (Москва көчөсү № 51), “Эки дос” фаст-фуд түйүнү (Гоголь көчөсү № 113), “ТД Народный” (Ч. Айтматов проспектиси 29), «Интер Альянс» (Манас пр. № 43) ишканалары жана “Спекулятор” дүкөнү (Матросов көч. № 1а) айып төлөйт.

Мындан тышкары, 115-берене боюнча тиричилик жана өндүрүш калдыктарын белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 5500 сомдон 23000 сомго чейин айып төмөнкүлөргө салынат: “Фармамир” ишканасы (Байтик Баатыр көч. №51), “Ыймам Ата” ишканасы (Жибек-Жолу пр.№416), Канатбек у.А. (Жибек-Жолу проспектиси), “Киртаун Лайн” ишканасы (Токомбаев-Куттубаев көчөлөрүнүн кесилиши), “Оптика” дүкөнү (Абдрахманов көч. 135) И.Шанахунов (Баялинова көч.), Б.Ишенбаев (Алтын конуш -Ордо), Владимирова Л. (Шота Руставели көч.), “Оптима Банк” компаниясы (Киевская көч. № 250), “Фаетон” гараждык кооперативи (Патрис Лумумба көч. № 48).

Жол конструкциясын бузуп, өз убагында калыбына келтирбегендиги үчүн 177-берене боюнча 5500 сомдон 23000 сомго чейин айыппул салуу менен “Түндүк электр” жана “ОККО” (Хвойная көч. №64) ишканалары жоопкерчиликке тартылат.

179-берененин 2-бөлүгү менен жашыл аянттарга зыян келтиргендиги үчүн: “Түндүк электр” ишканасы (Масалиев-Бакаев), шаар тургуну К.Байтиков (Ак-Марал көчөсү), “Кирус” ишканасы (Ден Сяопин-Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде) дагы жооп тартышат.

Бишкек мэриясы жарандардан шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулушуна күбө болсо, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылууну суранат:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий