• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турак жай курууга жер тилкесин трансформациялоо маселеси создугуп жатканы сынга алынды

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында үй куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоо кечиктирилип жатканы айтылды.

Депутат Рада Туманбаева Аксы районунун Кербен айылында жер тилкелери трансформацияланбай, бир топ үй-бүлөлөр өзүнчө там сала албай жатканын, бир топ үйлөр болсо тиешелүү документтерин – «кызыл китептерин» ала албай жүрүшкөндүгү боюнча Өкмөттүн астына маселе койду. Депутаттар Улукбек Ормонов, Аалы Карашев дагы жер тилкелерин трансформациялоо маселеси боюнча мыйзам кабыл алынып, Президент тарабынан кол коюлгандыгына карабай бир дагы жер тилкеси трансформациялана электигине токтолушту.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкө башчысы Сокулук районунун Тынчтык, Ата Журт жаӊы конуштарында мектеп, ФАП, стадион курууга жер тилкеси табылса курулушка каражат бөлүнөөрүн айткандыгын эске салды. Эл өкүлү бул жаӊы конуштарда 11 гектар жер табылып, көйгөй чечилгендигин, бирок жер тилкесин трансформациялоо ордунан жылбай, маселе туруп калгандыгын Өкмөттүн астына койду.

Пикир

Оставить комментарий