• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турак жайларды камсыздандыруу боюнча Ош жана Баткен облустары алдыда

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. 2017-жылдын жыйынтыгы менен турак жайларды камсыздандыруу боюнча Ош жана Баткен облустары алдыда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Мамлекеттик финансылык көзөмөл аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында, аталган облустарда камсыздандыруу бир нече эсеге өскөн. Байбосуновдун пикиринде ага себеп табигый кырсыктар, анын натыйжасында көбүнчөсү турак-үйлөр жабыркайт.

“Жалпысынан алганда өлкө боюнча камсыздандыруу акырын жүрүүдө. Совет мезгилинде элдер бардык нерсесин камсыздандырышчу. Учурда мындай тажрыйба жок болуп кетти. Жаңы муун бул эмне экендигин билбеши да мүмкүн. Камсыздандыруу керек жана маанилүү болгондуктан биз маалымат берүү функуциясын киргизүүнү карап жатабыз. Жылына турак жайды камсыздандырууга айыл жергесинде 600 сом, ал эми шаарда 1200 сом төлөнөт. Эгерде бир нерсе болуп кете турган болсо жардам түрүндө 500 миң сом же 1 миллион сом аласың. Бул абдан ыңгайлуу”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий