• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турак жайларынын техпаспорттору бар тургундар каттоого алынууда — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын конуштарындагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор түзүлүп, арыздарды кабыл алуу иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Калкты тейлөө борборунун, РИИБ жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Жер-Ынтымагы жаңы конушуна көчмө жыйын уюштуруп, шаар тургундарына учурда жашаган жерине ылайык каттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн конушка участкалык милиционер бекитилди.

Өз ыктыяры менен салынган турактарда жашаган жарандарды өз укуктары жана эркиндиктери менен камсыз кылуу, мамлекеттик, муниципалдык, социалдык, медициналык жана башка кызматтарды алуу үчүн жарандар техникалык паспорту болгон учурда өз ыктыяры менен салынган турак жайга каттала алышат.

Учурда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлеринен 5 мобилдик топ түзүлүп, алар керектүү техникалар менен жер-жерлерге чыгышат.

Белгилей кетсек, 9-мартка карата өз ыктыяры менен салынган турак жайларга техникалык паспорт даярдоо боюнча 7054 арыз кабыл алынып, 3091 паспорт даярдалып, 2631 техникалык паспорт берилген.

Урматтуу шаар тургундары! Бул багыттагы иштер улантылып, муниципалитеттин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий