• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турак жайын камсыздандырган жарандардын саны өсүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев район шаарлардын мэрлери, акимдер жана салык кызматынын жетекчилери менен жолугуп, салыктын планын толтуруу жана камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

А.Халмурзаев жергиликтүү бийлик жетекчилерине жарандарга турак жайларын камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү менен бардык тийиштүү болгон шарттарды түзүүнү тапшырды. Ошондой эле, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлүнө айыл башчылары менен түздөн түз иштешүү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, акыркы убакта облус аймагында камсыздандыруу боюнча жүрүп жаткан жумуштардын натыйжасында турак жайларын камсыздандырган жарандардын саны өсүүдө. Тагыраагы мындан 10 күн мурда облус боюнча турак жайын камсыздандырган жарандардын саны 121 жаран болгон болсо, бүгүнкү күнгө, 29-майга 900дөн ашкан. Район шаарлар боюнча алынган маалыматтарга таянсак, Лейлек районунан 287, Кадамжай району 100, Сүлүктү шаары 68, Кызыл-Кыя шаары 58, Баткен шаары 30, Баткен району 30 жаран турак жайын камсыздандырган.

Пикир

Оставить комментарий