• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турапов опера жана балет театрынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, театрдын мурдагы башкы директору Болот Осмонов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий