• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылууда

Маданият 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Даректүү тасманын режиссеру КР эл артисти Молдосейит Мамбетакунов болуп, оператордук милдетти Стамбулбек Мамбеталиев аткарууда. Ал эми тасманын сценарийин Байма Сутенова жазган.

Эскерте кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак.

Президенттин жарлыгына ылайык быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий