• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турдубаев: Мурунку тарифтин кемчилиги – ар бир жаранга соцжеңилдиктер колдонулат эле

Коом 0


Бишкек, 22.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мурунку тарифтик саясаттын кемчилиги – ар бир жаранга социалдык жеңилдиктер колдонулат эле. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, тарифтик саясат калыс, адилеттүү болушу керек.

“Муктаж адамдарга жардам беришибиз керек. Калгандар экономикалык баага жараша төлөшү кажет. Мындан улам үч категория пайда болду. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 74 тыйындан, тоолуу аймактардын жашоочулары 1 сом 04 тыйындан, калган категориядагыларга 1 сом 48 тыйындан эсептелди. Бул тариф 2020-жылдагы энерго компаниялардын чыгымдарынан эсептелип, алынды”, - дейт ал.

Турдубаев Кыргызстандын энергетикасынын карызы 129 млрд сомго жеткендигин белгиледи.

“Биз социалдык акыбалды эске алып ушундай тарифти сунуштап жатабыз. Эгерде биз Токтогул суу сактагычында суунун толтурсак, анда 1000 Квт сааттык лимит алынат. Бул тариф 2022-жылдын чыгымдарынын негизинде эсептелген. Ал эми 74 тыйындык тариф 1 сом 48 тыйындын жарымы, ал муктаж жарандарга 50 пайыздык жеңилдетүү менен каралган. 1 сом 04 тыйындык тариф гидроэлектростанциянын өздүн наркы менен саналды. Мындан сырткары, өндүрүш, айыл чарба тармагына 2 сом 38 тыйын, элди таза суу менен камсыз кылган насостук станцияларга 1 сом 48 тыйын, электр энергия менен иштеген коомдук транспортторго 1 сом 68 тыйын, алкын кен комбинаттарга 4 сом 76 тыйын сунушталууда”, - деди экономика министри.

Пикир

Оставить комментарий