• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турдубекова: Интернат тибиндеги балдар мекемелери боюнча автоматташтырылган система балдар үйлөрүнүн ишин ачык-айкын кылат

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанда Интернат тибиндеги балдар мекемелери боюнча автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык система ишке киргизилүүдө. Бул тууралууБалдардын укугун коргоочулар" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, балдар үйүнө, интернаттарга түшкөн балдардан кабар алуу жана көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн маалымат базасы КРнын президентинин интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча берген бир нече сунуштарынын жыйынтыгы.

“Аталган база байкоо жүргүзүү, учурда балдар үйүндө канча бала тарбияланат, алардын башка мекемелерге которулуусу, ал бала эмне себептен интернатка түшүп калды, ал интернатка түшпөөсү үчүн кандай чаралар көрүлдү ж.б. маалыматтарды алуу үчүн керек. Өзүңөр билгендей, Кыргызстанда балдар үйүнө түшкөн балдардын саны өсүүдө. 12 миң баланын ичинен 5%ы гана томолой жетим, калгандарынын бир ата-энеси же эки ата-энеси тең бар. Бирок оор жашоо-шарттарга байланыштуу ал бала балдар үйүнө түшүп калган. Тынчтык мезгилинде, тирүү ата-энеси туруп, балдарыбыздын интернаттарга түшүп жаткандыгы – начар жагдай. Аталган автоматташтырылган системаны киргизүү менен бул мекемелердин ишин ачык-айкын кылат”, - дейт Турдубекова.

Ал белгилегендей, бул система коррупция менен күрөшүү, балдар интернат жана балдар үйүндө которулуусун көзөмөлдөөгө жардам берет.

Коомдук ишмер, бул маалымат базасы жабык болуп, аны бир гана ыйгарым укугу бар органдар көрүүгө мүмкүнчүлүгү болорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий