• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турдубекова: КРнын балдарды коргоо саясаты мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын балдарды коргоо саясаты мурунку совет өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" директору Назгүл Турдубекова БУУнун балдардын укугу жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгына арналган улуттук форумдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, БУУнун Конвенциясын кабыл алгандан бери Кыргызстанда балдарды коргоо саясаты өзгөргөн. 30 жылдын ичинде мурунку советтик өлкөлөрдүн бардыгында, анын ичинде Кыргызстанда балдарды зомбулуктан коргоо саясатында өзгөрүүлөр болду. Баардык өлкөлөр социалдык кызматтарды жана инклюзивдик билим берүүнү өрчүтүү аркылуу интернат жана балдар үйлөрүн реформалоо саясатын кабыл алышкан.

“Эң негизги жетишкендиктердин бири бул жылы Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жөнүндөгү БУУнун Конвенциясын ратификациялоо болду. Бул дагы майып адамдардын укугун коргоодо абдан маанилүү документтеридин бири. Бүгүнкү иш-чарада биз кыргыз өкмөтү 25 жылдын ичинде эмне жасады, балдарды коргоо чөйрөсүндө кандай жетишкендиктерге жетишти деген суроолорго жооп ала алдык. Белгилей кетчү нерсе, КРнын балдарды коргоо тууралуу мыйзамы эң алдыңкы модель болуп эсептелет”, - дейт Турдубекова.

Пикир

Оставить комментарий