• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Пикир

Оставить комментарий