• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Тургунбеков Мирлан Эрмекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тургунбеков Мирлан Эрмекович - 1977-жылы 3-сентябрда Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку.

2000-жылдан тарта улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий