• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Туристас" Кыргызстандын тарыхый жана табигый эң кооз 8 жерин жарыялады

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. "Туристас" өзүнүн версиясы боюнча Кыргызстандын тарыхый жана табигый эң кооз 8 жерин жарыялады.

Басылма жылдан-жылга өлкөнүн популярдуулугу өсүп жатканын белгилеп, саякатты сүйүүчүлөр үчүн Кыргызстан салыштырмалуу жаңы локация деп эсептейт.

Макалада айтылгандай, өлкөдө тоодо эс алууну, гастро-турларды жакшы көргөндөр жана антиквариат коллекцияларды чогултууну сүйүүчүлөр үчүн көптөгөн жайлар бар.

Ошентип, басылма Кыргызстандын төмөнкү жерлерин эң кооз деп тандаган: Жети-Өгүз жана Ала-Арча капчыгайлары, Арсланбоб айылы, Бурана мунарасы, Саймалуу-Таш, Таш-Рабат петроглифтери, ошондой эле Сары-Челек жана Соң-Көл көлдөрү. Эң кооз жана кызыктуу жерлери деп табылган аталган жайларда жаратылышка жана тарыхка басым жасалган.

Пикир

Оставить комментарий