• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Туристтер үчүн эң коопсуз өлкөлөр аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.11.18. /Кабар/. Which британиялык керектөөчүлөрдүн ассоциациясы туристтер үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады.

Эксперттер 4 көрсөткүч боюнча (кылмыштуулук, ден соолук үчүн коркунучтар, террордук актылар жана табигый кырсыктардын ыктымалдуулугу деңгээли) 20 эң популярдуу туристтик багыттарды анализдешкен.

Натыйжада туристтер үчүн эң коопсуз өлкө болуп Исландия аталган. Алдыңкы үчилтикке Бириккен Араб эмираттары жана Сингапур дагы кирген.

Ошондой эле саякат үчүн кооптуу деп Түркия, Түштүк Африка жана Таиланд аталган. Эксперттер ал жерлердеги кылмыштуулуктун жана оор илдеттерди жуктуруп алуу тобокелинин жогорку деңгээлдерин белгилешкен.

Which батыштагы өлкөлөргө караганда Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын айрым өлкөлөрү бир катар көрсөткүчтөр боюнча көбүрөөк коопсуз экени аныкталганын билдирген. Мисалы, Иорданиядагы кылмыштуулук деңгээли АКШга салыштырмалуу төмөн болгон.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий