• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Туристтердин санын көбөйтүү максатында ШКУ өлкөлөрү биргеликте иш алып барышы керек – Дамир уулу Максат

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Туристтердин санын көйөтүү максатында Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) мүчөлүк кылган өлкөлөр биргеликте иш алып барышы керек. Бул тууралуу бүгүн ШКУнун жаштар форумунун жүрүшүндө КРнын туризм департаментинин директору Дамир уулу Максат билдирди.

Анын айтуусунда, алыскы өлкөлөрдөн саякаттоо үчүн Кыргызстанды тандап келген туристтер бир гана Кыргызстанга келбестен, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга да барышат. Ошол себептен, туристтердин санын эки эсе көбөйтүү максатында бизге биргелешип иш алып баруу керек.

“Алыстан келген туристтер биздин өлкөлөрдүн маданиятын, таарыхын жана кооз жерлерин көрүү үчүн бир нече өлкөлөрдү кыдырып келишет. Ошол себептен биздин өнөктөштүктү күчөтүү керек. Казакстан менен Өзбекстандын “жибек виза” түзүү боюнча демилгелери бар. Кыргызстан дагы бул кызматташууга кошулууну пландоодо. Учурда бул маселе өкмөттүн деңгээлинде каралууда”,- деди ал.

Өзүнүн сөзүнүн соңунда Дамир уулу Максат тарыхый жана маданий баалуулуктарды сактап калуу керек экендигин баса белгиледи.

Өзбекстан өзүнүн Бухара жана Самарканды менен белгилүү болсо, Кыргызстан Сулайман-Тоо, Таш-Рабат жана башка өзгөчө жерлери менен белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий